Баткенде өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, алдамчылык менен алектенген жаран кармалды

Милицияга арыз менен Кызыл-Кыя шаарынын 52 жаштагы тургуну кайрылган.
Анда 2023-жылдын 16-февраль күнү белгисиз адам өзүн «Баткен облустук ички иштер башкармалыгында иштеймин»- деп Кызыл-Кыя шаарынын 52 жаштагы тургуну У.З. алдап, анын Өзбекстан Республикасынын жараны болгон таанышына, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алып беремин деп, 40 000 (кырк мин) сом акчасын алып, эч кандай жарандыкты алып бербестен же акчаны кайтарып бербестен, изин жашырып качып жүргөндүгүн билдирген.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда, З.У. көрсөтмө берип, анда жаран А.Р. 40 000 сом акчаны жана Өзбекстан Республикасынын жараны Х. А. таандык туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, аскердик билетин жана паспортун да алгандыгын билдирген.
Баткен ОИИБдин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну А.Р. кармалып, Баткен РИИБдин убактылуу кармочу жайына кыргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Кимде- ким ушундай көрүнүшкө душар болгон болсо, анда 03622- 5-02-26 0778 -32-99-92 номуруна кайрылсаңыздар болот.



