Маданият

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Түркиядагы эл аралык фестивалга катышат

Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры Түркия мамлекетинин Деңизли шаарында өтө турган 35-эл аралык театр фестивалына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кабарда айтылгандай, театр акын Сайра Батыркулованын калемине таандык «Мата Хари «спектаклин 4-июнь күнү тартуулайт. Пьесаны койгон режиссёру – Шамил Дыйканбаев, башкы каарман – Мата Харини Айнура Акылбек кызы ойнойт.

«Мата Хари» спектакли алгачкы жолу Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын репертуарында пластикалык жанрда коюлган чыгармалардын бири. Бул спектакль 2022-жылы Бишкек шаардык театрлар арасында өткөрүлгөн эл аралык «IMPULSE» фестивалына катышып, «Пластикалык трагедия жанрындагы заманбап экспрессивдүү көркөм изденүү» номинациясына ээ болгон.

Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры 1989-жылы негизделип, 2013-жылы октябрь айында СССРдин Эл артисти Бакен Кыдыкееванын ысымы ыйгарылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button