ВИДЕО: “Кумтөр” 2023-жылдын биринчи чейрегинде былтыркыга салыштырмалуу көбүрөөк пайда тапты

«Кумтөр» ушул жылдын биринчи чейрегинде 2 504 кг алтын өндүрүп, мамлекеттик бюджетке салык түрүндө жана Социалдык фондго төккөн акчасы 48,1 млн АКШ долларын түздү.
Өткөн жылы ушул эле мезгилде 2 068 кг алтын өндүрүлгөн. Бул көлөмдүн өсүшү – биринчи кезекте фабрикага жиберилген рудадагы алтындын курамынын жогору болушу, ошондой эле рудадан металлды алуу коэффициентинин жогорулашына байланыштуу. 2023-жылдын биринчи чейрегинде фабрикага алтындын ар кандай курамы бар кампалардан берилген рудадагы алтындын орточо тоннасына 2,34 граммды, рудадан алтынды ылгап алуу коэффициенти 72,11% түздү. 2022-жылдын биринчи чейрегиндеги бул көрсөткүчтөр тоннасына 2,27 граммды жана 67,46% түзгөн.
(АКСКК) көрсөтүлгөндөй, «Кумтөрдө» өндүрүлгөн доре куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо андан ары кайра иштетүү үчүн сатылып алынат.
Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары сатуу боюнча өзгөчө укукка «Кыргызалтын» ачык акционердик коому гана ээ. 2023-жылдын биринчи чейрегинде 2 412 кг алтын сатылса, былтыр ушул эле маалда бул көрсөткүч 1 962 кг алтынды түзгөн. 2023-жылдын биринчи чейрегинде алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 146,7 миллион долларды түзсө, 2022-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 119,9 миллион долларды түзгөн.
Ушул жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстандын ичиндеги төлөмдөр (анын ичинде: салыктар, аффинаж, инфраструктура, жергиликтүү жеткирүүчүлөргө товар жана кызмат көрсөтүү үчүн болгон төлөмдөр, кайрымдуулук ж.б.) 91,754 миллион доллардан ашты.
Албетте, “Кумтөр Голд Компани” чыгарган өндүрүштүн жетишкендиктери жана алар кайда жумшалганы тууралуу маалымат элди кызыктырбай койбойт.
Кыргызстан үчүн эбегейсиз салым кошкон бул алтын кен компаниянын мамлекетке өткөндөн бери канча пайда алып келгени жана ал жердеги кызматкерлердин күнү-түнү тынымсыз эмгектенгенинин натыйжасы деп билсек болот.
Буга чейин “Кумтөр Голд Компани” канадалык ишкерлер иштеткени мамлекетке алгылыктуу пайда алып келбегенин жана башка адамдардын чөнтөгү үчүн да иштегени маалым.
Кыргыз алтыны Кыргызстан үчун гана иштейт жана президент Садыр Жапаров айткандай дагы 30-40 жыл өлкөбузгө пайда алып келээрине үмүт бар.



