Коом

ИИМ: Россияда кыргызстандыктардын арасындагы баңги кылмыштарын алдын алуу боюнча жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өз ыйгарым укугунун чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Россиянын укук коргоо органдары менен туруктуу негизде өз ара аракеттенип келет.


Россиянын укук коргоо органдары Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын санынын көбөйүшүнө карай терс тенденцияларга, өзгөчө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүнө биринчи жолу көңүл буруп жаткан жок. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Россиядагы кыргыз диаспорасынын, дипломатиялык ведомствонун өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурду.


2023-жылдын 7-июнунда Россиянын Ички иштер министрлигинин Эл аралык кызматташуу башкармалыгынын имаратында жумушчу жыйын болуп өттү. Анын максаты маалыматтык-түшүндүрүү жана үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарыбыздын арасында баңги кылмыштарын алдын алуу аркылуу азайтуу, кылмышка аралашууну болтурбоо.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция боюнча кеңештин коомдук өкүлү, «Кыргыз биримдиги», «Кыргыз диаспорасынын кеңеши» диаспоралык уюмдардын жетекчилери, ал эми Россия тараптан Ички иштер министрлигинин бир катар бөлүктөрүнүн жана Россиянын Ички иштер министрлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги катышты.


Жыйындын жүрүшүндө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, анын ичинде Россия Федерациясынын аймагында Кыргызстандын жарандары тарабынан жасалган баңги кылмыштарына каршы күрөшүү боюнча Россиянын укук коргоо органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө кыскача статистикалык жана башка маалыматтар берилди.
Дипломатиялык ведомствонун жана диаспоранын өкүлдөрү тарабынан кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар айтылды. Талкуунун жүрүшүндө баңги кылмыштуулуктун алдын алуу чөйрөсүндөгү бир катар көйгөйлүү маселелер белгиленди. Анткени кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдардын негизги бөлүгүн жаштар, анын ичинде жаш кыз-келиндер түзөт.
Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын алдын алуу, болтурбоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында натыйжалуу кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Интернетти колдонуу менен жасалган баңги кылмыштары тынымсыз өсүп жаткандыгы белгиленди. Тыюу салынган заттардын негизги үлүшүн химиялык кошулмаларды камтыган психоактивдүү заттар, тамекиге кошулган аралашмалар түзөт.
Баңгизатты сатуучулар тарабынан түзүлгөн сайттар баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун иштеп чыгуунун, даярдоонун жана колдонуунун ыкмалары, ошондой эле мындай баңгизаттар катылган жерлер жөнүндө маалыматтар жайгаштырылган атайын мейкиндик болуп саналат. Тармактык мейкиндикте кардарлар базасын кеңейтүү максатында баңгизаттарды жана башка мыйзамсыз заттарды жашыруун жарнамалоону жүзөгө ашырган колдонуучулардын көп сандагы интернет-дүкөндөрү жайгашкан. Бул сайттардын негизги максаты жашыруун болгондуктан, аларды аныктоо жана ээлерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн кошумча күч-аракетти талап кылат.
Баңги кылмыштуулуктун өсүшүнүн себептеринин бири азыркы шарттарда баңги бизнеси эң кирешелүү бизнес болуп саналгандыгы менен байланыштуу жана бул айрым жарандарды өзүнө азгырып турат.
Алынган маалыматтарга караганда, 2023-жылдын биринчи чейрегинде эле Кыргызстандын жарандары Россияда 220 баңги кылмышын жасашкан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 77 фактыга көп. Бул кылмыштардын көбү Новосибирск, Самара облустарында жана Москва шаарында катталган. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жасалган оор кылмыштар, алдамчылык фактылары көп катталууда.
ИИМдин башкармалыгында өткөн жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иш-чараларды тынымсыз чагылдыруу, ошондой эле баңгизаттардын жайылышын алдын алууга жана ага каршы күрөшүүгө багытталган 2 тилде (субтитрлер менен) биргелешкен видеороликтерди тартуу боюнча бир пикирге келишти. Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кулактандыруулар жарыяланган интернет булактар, веб-сайттар, мессенджерлер жана топтор тууралуу маалыматтарды аныктоо аркылуу уруксат берилбеген заттардын жайылышын алдын алуу зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алынды.
Иш-чаранын соңунда тараптар бири-бири менен маалыматтар менен алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button