Коом
Кыргызстанда түндө жер титирөө катталды

Кыргызстанда 23-октябрда саат 22:44 чамасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Кара-Күңгөй айылынан 12 км түштүк-чыгышта, Кара-Саз айылынан 15 км түштүк-чыгышта жана Кочкор айылынан 25 км түштүк-чыгышта жайгашкан. Анын күчү Кара-Күңгөй жана Кара-Саз айылдарында 2,5 баллга жетти.



