Коом
«Манас» аэропортуна барчу жолду реконструкциялоо иштери уланууда

Бишкекте «Манас» эл аралык аэропортуна барчу Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Кечээ, 5-июлдан тартып реконструкциялоо иштеринин үчүнчү этабы башталды. Мында Комсомольская көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки жалпы узундугу 7 чакырым болгон тилкеде иштер жүрөт.Жол оңдоо иштери убагында көчө толугу менен жабылбайт. Унаа кыймылы үчүн жолдун бир тарабы ачык болот.
Белгилей кетсек, оңдоо иштеринин биринчи этабы 23-26-июнь күндөрү аяктап, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол реконструкцияланды.
Экинчи этап 27-июндан 4-июлга чейин жүргүзүлүп, Фучик көчөсүнөн «Манас» эл аралык аэропортуна чейинки жол тилкесин камтыды.



