Коом

Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы боюнча кылмыш иши тергелүүдө

Баткен шаарынын жашоочулары Баткен облустук башкармалыгына арыз менен кайрылышып, анда 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүү үчүн тартылган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы жалпы болуп 5 347 330 сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын алдап бербей койгондугу тууралуу билдиришип, мыйзам чегинде чара көрүү жагын суранышкан. 

Аталган факты боюнча 2023-жылдын май айында Баткен ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиинин 209-беренесинин 3-бөлүмүндө (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон. 

Тергөө учурунда, “Келечек ЛТД” жооптуу өкүлү Ш.Н  шектүү катары суракка алынып,  камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү  “Келечек ЛТД”  курулуш компаниясынын өкүлү М.А. боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

 Азыркы учурда аталган кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүү жана мыйзам чегинде тергөө боюнча тиешелүү ыкчам иш чаралар  жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button