Коом

Кызыл-Кыя шаарындагы “Селсаяк” иш-чарасынын жүрүшүндө 4 ата-энеге айыппул салынды

Кызыл-Кыя шаар аймагында милиция кызматкерлери “Селсаяк” иш-чарасын өткөрүп, базарларда, чоң соода борборлордо тилемчилик кылып жүргөн же болбосо туруктуу жашаган жери жок жер төлөлөрдө жашап жүргөн, кароосуз калган жарандар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Өз алдынча мектепке барбай көчөлөрдө, базарларда, интернет клубтарда жүргөн мектеп окуучулары аныкталып, балдар менен иштөө инспекторлору тарабынан 24 сунуш мектептерге жөнөтүлдү. Ошондой эле шаар аймагындагы коомдукту тартипти сактоо, кылмыштуулуктардын алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тармактар боюнча иш алып барды.

“Селсаяк” ишчарасынын жыйынтыгында жалпысынан Кыргыз Республикасынын укук бузуу жөнүндө кодексинин негизинде 55 протокол түзүлүп, анын ичинен 4протокол ата-энелик милдеттерден качуу беренеси боюнча ата-энелерге карата түзүлүп, айып пулдар салынды, — деп билдирди Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button