Коом

УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды — ФОТО

Бүгүн, 2023-жылдын 11-сентябрында Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Бул тууралуу КР УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Имаратты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. салтанаттуу түрдө ачты. Ачылыш аземге, Нарын облусунун Жумгал районунун акими А.А.Набиев, Башкармалыктын өздүк курамы, Аппараттын кызматкерлери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган.

Генерал-лейтенант Ташиев К.К. кызматкерлерди куттуктап, КР УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруусу үчүн  тийиштүү шарттар түзүлө берерин белгиледи.

Ошондой эле, КР УКМК төрагасы Ташиев К.К. актуалдуулугун эске алуу менен, коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан коюлган Кыргыз Республикасында коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button