Маданият

Кыргыз драм театры «Төлгө» спектакли менен сезонун жапты

Кыргыз улуттук академиялык драма театры 96-сезонун Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдык мааракесине арнап “Карагул ботом” пьесасынын негизинде коюлган спектакль менен баштап, кечээ, 20-июнда акын, драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде даярдалган “Төлгө” спектакли менен жыйынтыктады.

Театралдык сезондо театр 30дан ашуун спектаклди 106 ирет койду, анын ичинде 7 (жетөө) премьера.

Театрдын директору Асылбек Өзүбеков театр күзүндө кайрадан күйөрмандар менен жолугарын билдирип, чыгармачыл жамаат күзгө чейин жаңы спектаклдерди жаратуунун үстүндө иштээрин айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button