Окуялар
Бишкектеги тик учактын кыйрашы. Бир аскер кызматкери каза болуп, сегизи жабыркады

Бишкектин четиндеги Ми-8 аскердик тик учагынын кыйрашына бир аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, дагы 8 аскер кызматкери жабыркады. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө, бирөөнүн абалы өтө оор, үчөөнүн абалы оор. Алардын бары медициналык тез жардам ооруканасына жаткырылды.
Коргоо министрлигинин жана Куралдуу күчтөрдүн Аскер-аба күчтөрүнүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан кырсыктын чоо-жайын тактоо иштери жүргүзүлүүдө.



