Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга аскердик учактын кырсыкка кабылышына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.
“Азербайжандан Түркияга бара жаткан аскердик учагы кырсыкка учураганын терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн сизге жана Түркия элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен, жабыркагандардын баарына тез арада сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Айта кетсек, кечээ, 11-ноябрда Түркиянын аскердик учагы кулап, 20 адам каза тапканы белгилүү болду. Түркиянын коргоо министрлиги Грузиянын бийлиги менен биргеликте издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканын жазды. Каза болгон аскерлер Бакуда өткөн парадга катышып келе жатышат.



