Адахан Мадумаровдун парламентте кадыры калбай калганы билинди

Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Аны, Мадумаров жана анын тарапташтары “бийлик депутаттарды коркутуп, кысымга алып мажбурлады”-деп айтып жатат.
Андай эмес. Добуш берүү жашыруун болду, ким каршы жана ким макул бергенин эч ким билбейт. Өздөрү жана бир Кудай гана билет.
Буга чейин Башкы прокурор Баткендеги талаш аймакты тажик тарапка таандык деп 49 жылга берип салган протоколго кол койгону үчүн Мадумаровду жазага тартууга уруксат сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Депутаттар кесиптешин сактап калышкан. “Кой Жогорку Кеңештин кадырын сактайлы”-деген кур намыс менен.
Коллегаларынын мындай камкордугуна, жакшылыгына Мадумаров рахмат деп айтуунун ордуна, “булар сабатсыздар, эч нерсе билбейт, түшүнбөйсүңөр”-деп зекип, ар бири менен урушуп чыкты.
Көп эле депутаттар, “Мадумаров жакшылыкты билбеген текебер неме экен. Мунун бул жашоодо душманы башкалар эмес, өзүнө өзү тура”-деп айтып жүрүштү.
Бул жолкусунда жабык добуш менен көпчүлүк депутат кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.
Андыктан, Адахан Мадумаров адатынча “бийлик коркутту”-деп жалган сүйлөбөй эле койсун. Болгону коллегаларын тажатып, арасына батпай калган. Алар деле Мадумаровдун басынтып сүйлөгөн текебердигинен тажаган экен.



