Коом

Ысык-Көлдө кыргоолго мыйзамсыз аӊчылык кылган жаран кармалды

12-апрель күнү Ысык-Көл областынын ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын жанындагы талаага рейд жүргүзүп жаткан учурда, Тору-Айгыр айылынын 34 жаштагы тургунунун башкаруусундагы «Ауди-100» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.


Текшерүү учурунда автоунаанын ичинен 12 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал, ошондой эле атылган 2 кыргоол табылып алынган. Кармалган С.Н. аттуу жарандын жанында ок атуучу куралга уруксат берүүчү документтери жок болуп чыкты.


Аталган факт Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталып, чогултулган материалдар тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди. Ал эми, алынган ок атуучу куралдын ар кандай кылмыштарга катыштыгы бар, же жогун тастыктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертизасы дайындалды.
Туристтик-экологиялык милициясы маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөттүнүн 2015-жылындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, кыргоолго аӊчылык кылуунун мөөнөтү — өтүп жаткан жылдын октябрь айынын биринчи ишембисинен декабрь айынын экинчи жекшембисине чейин өткөрүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button