Коом

УКМК: Кытай Республикасынын жасалма паспорту менен жүргөн жаран «Манас» аэропортунан кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кытай Эл Республикасынын жаранынын жасалма паспортун колдонуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган КЭР жараны кармалды.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-378-беренелеринин (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракети) негизинде кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу 2023-жылдын 29-июнунда Октябрь райондук сотунун чечими менен жогоруда аталган чет мамлекеттин жараны 2023-жылдын 27-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №1-тергөө абагына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда. КЭР жаранынын жасалма паспортун даярдоо ыкмасын аныктоо максатында зарыл болгон экспертизалар дайындалды, — деп билдирди УКМКнын басма сөз борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button