Коом
Жапаров “Ысык-Көл” аэропортунун аэробекетинин курулушуна старт берди

Президент бүгүн курулуштун башталышына капсула салган.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жаңы аэробекеттин үч кабаттуу имаратынын аянты 18 424,5 чарчы метрди түзөт. ABC Tу-154, Tу-204, Boeing 737, Boeing 757, Airbus A319, A320, A321, BAE 146-200, Embraer E170/E175 жана алардын аналогдору менен келген жүргүнчүлөрдү кабыл алат. Ал саатына 450 жүргүнчүнү тейлейт.




