Кыргызстандык режиссердун «Миң кыял» тасмасы эл аралык фестивалга катышат

КРдин эл артисти, кинорежиссер Марат Сарулунун «Миң кыял» тасмасы Таллинде өтө турган Patriki Film Festival кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фонду кабарлады.
Сынак 1-июлдан 30-июлга чейин созулуп, кыргызстандык режиссердун тасмасы «Толук метраждуу фильмдер» номинациясында көрсөтүлөт.
«Миң кыял» — сүрөт дүйнөсүнө баш-оту менен кирген Арсен, анын мурдагы жубайы Румиянын азыркы көңүлдөшү Назар тууралуу чыгарма. Тасмада чыныгы жана кыялдагы дүйнө аралашкан чыгармачылык турмуштун ааламы көрсөтүлөт.
Patriki Film Festival 2018-жылы Россияда негизделген. Ошол учурдан бери анын аудиториясы 300 миң адамга өсүп, тасмаларды онлайн-форматта 1 миллиондон ашык киши көрдү.
Фестивалга Россия, Азербайжан, Аргентина, Бразилия, Индия, Иран, Кыргызстан, Македония, Мексика, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн фильмдер катыша алат.
Марат Сарулу 2023-жылдын 9-мартында 66 жашында көз жумган. Анын соңку белгилүү кинокартинасы «Көч» деп аталып, эл аралык бир нече сыйлыктарга татыган.



