Коом
«Атасынын аты» деген графага апасынын ысымын алууга уруксат берилет

Өлкөдө 16 жашка толгон жаранга апасынын ысымын алууга уруксат берилди. Жөнөкөйлөтүп айтканда, паспортко «атасынын аты» деген графага жаран апасынын ысымын жаздыра алат. Буга уруксат берүү үчүн азыркы мыйзамга өзгөртүү киргизүү талап кылган чечимди Конституциялык сот кабыл алды.
Жарандык активист Алтын Капалова бул маселени бир канча жылдан бери көтөрүп келгени маалым. Ал Конституциялык сотко кайрылганын жана чечим кабыл алынганын жарыялады. Жарандык активисттин айтымында, жакында анын 16 жаштагы уулу паспорт алуу үчүн документтерин тапшырат жана баласы апасынын ысымын алышы ыктымал.



