«Салык чек» лотереясынын II этабы башталып, мурдагы билеттер жокко чыгарылды

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын катышуучулары тарабынан 1-июлга чейин топтолгон бардык ID-номерлер (билеттер) жокко чыгарылды. Бул туурасында Салык кызматы билдирди.
Лотереянын шарттарына ылайык, 2-июлдан тартып ID-номерлерди топтоо кайрадан башталды. Экинчи этапка 1-июлдан тартып 25-декабрга чейин берилген кассалык чектер катышат.
Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү кийинки оюнга катыша албай турганы белгиленди.
Эскерте кетсек, «Салык чек» лотереясынын кийинки утуштары 25-30-декабрь күндөрү өткөрүлөт, анда Бишкектен 10 батир, 10 электромобиль, чет өлкөгө 3 жолдомо, 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук, «Дайсон» маркасындагы 20 фен ойнотулат.
Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп, каттоодон өтүп жана товарларды/кызматтарды сатып алуудан кассалык чектерди сканерлөө шарт. Миң сомдук чек үчүн бир билет берилет.



