Коом
Ат-Башыга кар жаады

Соцтармактарда тараган видеодо Торугарт өткөрүү пунктуна жакын жерде кардын калыңдыгы 43 сантиметрге жеткени айтылган.
Ал эми райондук бийлик эртең менен тиешелүү органдар болуп малчыларды кыдырып, керектүү жардам берилип жатканын кабарлаган. Анда кардын калыңдыгы Арпа менен Ак-Сай жалоолорунда 15-20 сантиметр экени айтылган.
Техника жолду тазалап, унаалар жүрүп жатат.



