Коом
Өкмөт башчы Энергетика министрлигине 29 атайын техниканын ачкычын тапшырды

“Кыргызстан жаңы техникаларды өзүнүн каражатына сатып алып жатат, бир сом дагы кредиттик каражат жок. Мамлекет өзүнүн каражатына техникаларды ала баштаганы өнүгүү жолунда экендигибизден кабар берет”, – деди Акылбек Жапаров.
Ал министрликке быйыл жалпысынан 359 млн сомго бааланган 76 атайын техника берилерин айтты.



