Саясат

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго карабак күлүгүн белек кылды

Азербайжандын лидери Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровго карабак күлүгүн белек кылды.

Маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Баалуу белек Агдам шаарында Карабах хандыгынын негиздөөчүсү Панахали хандын сарайы жана анын мүрзөсү жайгашкан 18-кылымдагы сарай комплексине барган кезде тапшырылган.

Комплекстин аймагын карап чыккандан кийин президенттерге Азербайжан тукумундагы жылкылар көрсөтүлдү, хан заманында ал жерде аттар сатыкка коюлчу экен.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 24-25-апрель күндөрү Азербайжанда мамлекеттик сапар менен болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button