Коом

“Унаа” мамлекеттик мекемеси “айдоочулук күбөлүк сатабыз” деген шылуундардан сак болууну эскертти

Урматтуу жарандар, алдамчылардын кылмыштуу аракеттеринен сак болууну эскертебиз!

Социалдык тармактарда колдонуучулар арасында айдоочулук күбөлүктү 2 күндө сатып алууга мүмкүнчүлүк берген жарандардын аккаунттары таркатылып жатат.

Алдамчылар өзүнүн көрсөткөн кызматтарын 7000-15 000 сомго чейин баалап, алдын ала толук суммасын которгондон кийин айдоочулук күбөлүктү даярдоого убада берип жатат.

Сиз аларга толук сумманы которгондон кийин, алар телефон номурун өчүрүп, жок болуп кетишет, бул кадимки алдамчылык схемасы экенин түшүнсөк болот.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде  атайылап жалган документти пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик, анын ичинде эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертебиз. Сиз алдамчылардан айдоочулук күбөлүктү сатып алган күндө да, ал Кыргыз Республикасынын айдоочулук курамдын маалымат базасында катталбайт жана мындай аракеттер сизди кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып келет.

Жарандарды кыраакы жана жоопкерчиликтүү болуп, жеке маалыматтарын алдамчыларга жибербөөнү суранабыз! – деп билдирди ИИМнин “Унаа” ММдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button