Коом

Баткенде ишкерди алдоо жолу менен ири суммадагы чыгымга учураткан жаран кармалды

Баткен ОИИБдин начальниги милициянын генерал-лейтенанты Мурат Бороновдун тапшырмасы менен Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен   ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлеринин биргеликте ыкчам иликтөө иш-чараларын  жүргүзүүнүн натыйжасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы турак үйлөрдүн калыбына келтирүү курулуштарынын материалдарынын акчасын бербей, ишкерлерди алдап ири өлчөмдө чыгым келтирип, изин жашырып жүргөн, Лейлек районунун 56 жаштагы тургуну Д.К. 2023-жылдын 13-июль күнү Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен аныкталып, кармалды.

Эске сала кетсек,  Баткен облустук милициясына Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну арыз менен кайрылып, алдамчылык жолу менен ири суммадагы чыгым алып келген жаранга карата тиешелүү чараларды көруп берүүнү суранган. 2022-жылдын сентябрь айында Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүүдө Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 57 үйдүн курулушу менен Лейлек районунун  тургуну  1967-жылы туулган  Д.К. алектенмей болгон.  2023-жылдын  январь,  февраль айларында жабырлануучудан мурда товар алып акчасын кайтарып жүргөн мамилесинен пайдаланып, Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехинен  2023-жылы  жалпы суммасы 1 295 482  сомдук  курулуш материалдарын алып, 2023-жылдын 26-мартына чейин акчасын алып келип беремин деп алдап, убадалаган убактысына акчасын бербестен, байланышка чыкпай,  качып кеткен.

Аталган факты боюнча Баткен ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2023-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмүнүн (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Бул кылмыштын бетин ачуу  ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековтун жеке көзөмөлүндө болгон, — деп билдирди Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button