Коом

Константин Куценко: “Каркыра” тоо лыжа базасында экологиялык долбоор даярдалды, эми курулуш иштери башталат

Кечээ жакында Түп районундагы Каркыра жайлоосунда «Тринити– келечектин шаары” мейкиндик өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан уюштурулган Happy Yurta Fest – 2023 эл аралык фестивалы болуп, ага экологиялык жана инвестициялык туризмди талкуулоо аянтчасына айланды. Ага Кытай, Катар, Орусия, Венгрия, Англия жана башка өлкөлөрдөн инвесторлор жана ишкерлер катышты.

Ысык-Көл облусундагы Каркыра жайлоосунда 16-июлда «Тринити – келечектин шаары” мейкиндикти өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан уюштурулган “Happy Yurta Fest – 2023” эл аралык фестивалына Кытай, Катар, Орусия, Венгрия, Англия жана башка өлкөлөрдөн инвесторлор жана ишкерлер катышкан.

“Happy Yurta Fest – 2023” фестивалынын уюштуруучусу, «Россияны колдоо» бүткүл россиялык чакан жана орто бизнести колдоо коомдук уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Константин Куценко иш-чаранын максаттары тууралуу айтып, боз үй фестивалына 250гө жакын ишкерлер келгенин, алардын көбү жашыл курулуш тармагы боюнча адистешкенин белгиледи.

“Биз ишкерлерге бир катар экологиялык долбоорлорду сунуштадык, алардын бири “Каркыра” тоо лыжа базасын куруу. Долбоор дээрлик даяр, бул объектинин курулушу башталат. 100 километрден ашык лыжа трассалары болот. Долбоорлоо иштери жылдын аягына чейин бүтөт. Ал эми курулуш иштеринин жүрүшү бир нече жылга созулат, анткени жасалуучу масштабдуу иштер көп. Мен абдан сапаттуу, кардарларды кубантып, баарына жага турган кластер түзгүм келет», – деди Константин Куценко.

Эскерте кетсек, аталган фестивалдын алкагында чет жактан туристтерди, инвесторлорду тартуу негизги максат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button