Өлкөдө Pinduoduo, Telegram, Microsoft сыяктуу сервистердин иши чектелиши мүмкүн

Өлкөдө электрондук кызмат көрсөтүп, бирок салыктык каттоодон өтпөгөн 11 чет элдик компания аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, алардын арасында Alibaba, Pinduoduo, Microsoft, Twitch, Valve, Sony Interactive, Epic Games, Electronic Arts, VK, Telegram жана Dropbox сыяктуу ири компаниялар бар.
2024–2025-жылдары бул компанияларга Кыргызстандан 15,9 миллион жолу акча которулуп, жалпы сумма 13,2 миллиард сомдон ашкан. Анын 8,89 миллиард сому Pinduoduo, 2,83 миллиард сому Alibaba, 1,01 миллиард сому Microsoft компаниясына туура келет.
Салык кызматы аталган компанияларга бир нече жолу кат жөнөтүп, жооп ала алган эмес. Алар салыктык каттоодон өтпөсө өлкөдөгү иши чектелиши мүмкүн.Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн 73 чет элдик компания салыктык каттоодон өткөн.



