Орунтаев: Ош мэриясынын курулуш компанияларына болгон карызы төлөнө баштады

Ош мэриясынын курулуш компанияларына болгон карызы башында 3 миллиард сомго жакын болгон. Учурда мамлекет түзүлгөн келишимдердин негизинде подряддык компанияларга каражаттарды төлөй баштады. Бул тууралуу Курулуш министри Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кеткенден кийин 3 миллиард сомдон ашык карыз аныкталган. Мындан тышкары, тиешелүү келишимдерсиз жана долбоордук-сметалык документтерсиз курулуп же реконструкцияланып жаткан 100дөн ашык объект табылган.
Алардын ичинен 24 ири объект Курулуш министрлигине өткөрүлүп берилген. Учурда бул объектилерде иштер улантылууда.
Нурдан Орунтаев билдиргендей, 24 келишимдин ичинен 20дан ашыгы боюнча подрядчыларга каражат которуу башталган.
«Жайында биз муну дароо жасаган жокпуз. Алгач инвесторлор менен келишимдерди түзүп, аткарылган иштердин сапатын жеринде текшеришибиз керек болчу. Сапат текшерүүсүнөн өткөндөр менен келишим түзүп, тиешелүү каражаттарды бөлө баштадык», — деди министр.
Ири объектилердин бири — Ош шаарындагы Гапар Айтиев жана Бекмамат Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан эки деңгээлдүү көпүрө. Учурда ал жерде асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Долбоордук-сметалык документтер толугу менен кайра иштелип чыгып, конструкцияларга түшүүчү жүктөмдөр изилденген. Зарыл болгон жерлерде конструкциялар бекемделген.



