Тайван жарандарына ИИнин өнүгүүсүнөн түшкөн кирешеден 314 доллардан төлөп берет

Тайвандык жарандарга жасалма интеллекттин өнүгүүсүнөн түшкөн кирешеден 314 доллардан дивиденд төлөнөт. Бул тууралуу Taipei Times басылмасы жазды.
Тайвандын президенти Лай Циндэ келерки жылы өлкөнүн ар бир жаранына 10 миң жаңы тайвань доллары (болжол менен 314 АКШ доллары) өлчөмүндө төлөм берүүнү пландап жатканын билдирди. Бул чечим өлкөнүн экономикасынын жогорку темпте өсүп жатканына байланыштуу. Экономикалык өсүшкө жасалма интеллект тармагынын өнүгүүсү чоң салым кошууда.
Лай Циндэнин айтымында, бул төлөм бардык жарандарга жасалма интеллекттин өнүгүүсүнөн түшкөн экономикалык пайданың үлүшүн алууга мүмкүнчүлүк берет.
2026-жылдын январь-июнь айларында Тайвандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 14,15 пайызга өскөн. Президент бул көрсөткүч акыркы 50 жылдагы биринчи жарым жылдыктагы эң жогорку өсүш экенин белгиледи. 2026-жылдагы экономикалык өсүш боюнча болжол да 9,64 пайыздан 11,05 пайызга чейин жогорулатылды. Эгер бул көрсөткүч ишке ашса, акыркы 39 жылдагы эң жогорку деңгээл болот.
Лай Циндэ өсүштүн негизги факторлору катары жарым өткөргүчтөр өнөр жайын, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагын жана өндүрүштүк чынжырларды атады. Ошондой эле дүйнөдө жасалма интеллект, жогорку өндүрүмдүү эсептөөлөр жана булут технологияларына болгон суроо-талаптын өсүшү маанилүү роль ойногон.
Тайвандын борбордук бюджетинин 2027-жылдагы күтүлүп жаткан кирешеси 3,9266 триллион жаңы тайвань долларын түзөт.
Лай Циндэнин айтымында, Тайвань экономикалык өсүштөн түшкөн пайданы технологиялык сектор гана эмес, карапайым үй-бүлөлөр да сезиши үчүн ушундай чара көрүүдө.



