Дүйнө

Жерде G1 деңгээлиндеги магниттик бороон башталды

Жерде G1 деңгээлиндеги (алсыз) магниттик бороон башталды. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун (ИКИ РАН) Күн астрономиясы лабораториясы (XRAS) Telegram-каналында билдирди.

Окумуштуулардын маалыматына караганда, магниттик бороон Москва убактысы боюнча таңкы саат 7:00–8:00дөр чамасында башталган. Астрономдор бороондун башталышын күтүүсүз болгонун белгилешти, анткени буга чейин космостук аба ырайындагы өзгөрүүлөр магниттик бороонго айланбайт деп болжолдонгон.

Магниттик бороондор беш баллдык шкала боюнча бааланат: G1 — алсыз, G2 — орточо, G3 — күчтүү, G4 — өтө күчтүү, G5 — экстремалдуу. Жогорку деңгээлдеги бороондор электр энергетикалык системалардын, спутниктик навигациянын жана радио байланыштын ишинде үзгүлтүктөргө алып келиши мүмкүн.

Астрономдор 17-августта да Күндөгү активдүүлүктү катташкан, бирок аны алсыз деп баалашкан. Ишемби жана жекшемби күндөрү жалпы 17 Күн жаркылдоосу катталган. Ошол учурда окумуштуулар алардын олуттуу өнүгүүгө алып келиши күмөн экенин билдиришкен.

Тектеш кабарлар

Back to top button