Коом
Бишкектеги Чүй – Фучик көчөлөрүнүн кесилиши 3 күнгө жабылат. Себеби

21-июлдан 23-июлга чейин Бишкекте канализациялык коллекторду реконструкциялоогобайланыштуу Чүй — Фучик кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү каттамдардын схемалары жарым-жартылай өзгөртүлөт:
— 2, 10 маршруттар «Фрунзе заводунун» акыркы аялдамасынан эки тарапка Москва көчөсү менен жүрөт, андан ары маршрут боюнча.
— 14-маршрут Д.Сяопин проспектисинен Интергельпо — Московская — Бейшеналиева — Чүй көчөлөрү менен кетет жана андан ары машрут боюнча.



