Коом
Билим берүү министрлиги 12 жылдык окууну этап-этабы менен киргизүү токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду

Анда жазылган негизги учурлар:
▪️2024-жылдын 1-июлуна чейин 12 жылдык билим берүүнүн концепциясы иштелип чыгышы керек
▪️1-сентябрга — мамлекеттик билим берүү стандарты
▪️1-октябрга — базистик окуу планы
▪️2026-жылдын 1-апрелине карата – мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге балдарды электрондук каттоого өзгөртүүлөрдү киргизүү
▪️2026-жылдын 1-августуна чейин окуу китептерин жаңылоо керек.
Министрлик ушул жылдын июнь айына чейин 5-6 жашка чыккан балдардын санын эсепке алып, анализ жүргүзүүнү пландоодо. Мугалимдер да жумушка алынмакчы.



