Коом

Эки күндөн бери дайынсыз. Чүйдө 33 жаштагы Кенжебек уулу Жанарбек изделүүдө

Чүйдө 1990-жылы туулган Кенжебек уулу Жанарбек дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кенжебек уулу Жанарбек 22-июлда таңкы саат 10:30дар чамасында Чат-Көл айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Өзгөчөлүгү: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, чачы күрөң, кыска, көзү күрөң.

Кийген кийимдери: ак футболка, кара чолок шым. Анын жанында кара баштык болгон.

Милиция издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жерин билген же кандайдыр бир маалыматы барлар төмөнкү телефондорго кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (3134) 5-33-80, 0 (708) 731-173 (нөөмөт бөлүмү), 0 (558) 86-14-86 (издөө тобу).

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button