Коом

Жол инспектору катары кадрдык резервге киргиңиз келеби? Шарттары

Документтер 24-июлдан 7-августка чейин кабыл алынат. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кадрдык резервди түзүү боюнча сынак жарыялады.

Талапкерлерге коюлган негизги шарттар:

19 жаштан 30 жашка чейин;

жогорку, орто юридикалык же кесиптик (жол кыймылы жаатында) билиминин болушу;

A, A1, B, B1, C, C1 категориялары менен айдоочулук күбөлүктүн болушу.

Конкурска катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

жеке арыз;

кадрларды эсепке алуу баракчасы;

өмүр баяны эки нускада (кол менен жана компьютерде терилген);

автобиографиялык эссе;

тиешелүү билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү, окуу учурунда алган баалары менен документтерге тиркемелердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

эмгек китепчесинин нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (кызматка биринчи жолу кирген жарандарды кошпогондо);

эркектер үчүн — аскердик билеттин көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);

паспорттун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт) ;

нике жана балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;

укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;

кеминде үч сунуш кат;

9×12 өлчөмдүү бир сүрөт, 3×4 өлчөмдөгү төрт сүрөт.

Документтер 24-июлдан 7-августка чейин Бишкек шаары, Чокан Валиханов көчөсү, 1а дареги боюнча кабыл алынат. Телефондор: (0312) 63-12-75, 63-09-00, 63-09-01.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button