Коом
Унаадан бутун тизесине чейин чыгарып алган жүргүнчү. Айдоочуга 15 миң сом айып пул салынды

Социалдык тармактарда жүргүнчү жеңил унаадан бутун чыгарып алып бара жаткан видео тараган. Видео Шамалды-Сайда тартылганы маалымдалган.
Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан айдоочуга 15 миң сом айып пул салынганын билдиришти.




