ЖКККББ: Мындан ары кызматкерлердин кызмат өтөөсү онлайн көзөмөлдөнүп турат. Боди камералар иштөөдө.

ЖКККББнын кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн жоопкерчилиги күчөтүлөт. Анткени, кызматкерлерге кызматкерлердин ишмердүүлүгүн 24 саат бою көзөмөлгө алган боди камераларды орноштурууда.

Бул камералар кызматкерлердин көкүрөк төшүнө же ийининдеги погонунун астына орнотулуп, кызмат өтөө учурундагы бардык кыймыл-аракеттерин онлайн көрсөтүү менен видео жана аудио форматта жазып сакталып, ИИМдин жетекчилиги аркылуу көзөмөлдөнүп турат.
Айрыкча, кызматкерлердин кызмат өтөө учурундагы айдоочулар менен болгон мамилесин, мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышын, коррупциялык элементтерге жол бербөөсүн, чыр-чатак боло турган учурунда керектүү далил фактылардын жазылуусун, бөлүнгөн күзөт чарчыларынын кырдаалдык абалын, жада калса, жоопкерчиликтен оңой кутулуу үчүн акча сунуштаган айдоочулардын да өңүн-түсүн жана сүйлөгөңдөрүн видео форматта жаздырылып, онлайн мониторинг жүргүзүү менен тийиштүү чаралар көрүлүп турат.
Азыркы учурда, бул камералар Ысык-Көл облусунда кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге берилди. Бүгүн Чүй облусунун кызматкерлерине берилет. Ошондой эле алдыңкы күндөрү ЖКККББнын жер-жерлердеги бардык бөлүмдөрүндөгү кызматкерлерине берилет.



