Коом

ВИДЕО: Ысык-Көлдө милициясы шамал менен көлдүн тереңине алып кеткен балдарды куткарышты

Бейшемби, 27-июль күнү, үч өспүрүм балдар көлдүн үстүнөн үйлөнмө матрацтары менен сүзүп чыгышкан. Бирок, алардын этиятсыздыгы күтүлбөгөн окуяга алып келди. Аларды, Ысык-Көл районунун Чоӊ-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмчөсүнүн аймактык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери куткарып калышты.

Бул күнү, Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын жанындагы көл жээгинде Ош облусунун Кара-Суу айылынын тургуну үй-бүлөсү менен эс алып жүрүшкөн. Анын 7 жаштан 12 жашка чейинки үч баласы үйлөмө матрацтар менен көлдөн сүзүүнү чечишкен. Бул учурда алардын ата-энелери жээкте эс алып жатышкан.

Капысынан көтөрүлгөн катуу шамал жана бийик толкундар, балдарды тез арада көлдүн тереӊдигине алып кеткен. Алар, көлдүн бул аймагында көп кездешкен суу агымына кабылган. Милиция кызматкерлери аларга жетишкенде, балдар жээктен дээрлик бир чакырым алыстыкта болчу.

Бактыга жараша, жаш өспүрүмдөр көлдүн толкунунун күчүн толук биле электе, аларга тартип сакчылары жергиликтүү тургундун кайыгы менен жетүүгө үлгүрүштү. Куткаруучу жилеттерди балдарга кийгизишип, аларды көлдүн жээгине чыгарышты.

Милиция кызматкерлери балдар жана алардын ата-энелери менен профилактикалык маекти өткөрүшүп, өздөрүнүн кызматына жөнөп кетишти, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button