Коом

Улан Ниязбеков: “Өздүк курамдын ички тартибин чыңдоодо ар бир жетекчи жоопкерчиликти сезе билиши керек”

2023-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин жыйындар залында ички иштер органдарынын алты айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү. Коллегиянын жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер министрлиги жарандардын укуктарын адилеттүү коргоону жакшыртуу, элдин милицияга карата ишенимин калыптандыруу үчүн ички иштер органдарынын заманбап образы түзүлгөнүнө токтолду.

Ошондой эле, төрт мезгилдин талаптарына жооп берген, эл аралык стандарттарга туура келген жаңы кызматтык формаларды кабыл алып, ишке киргизип, жылдын аягына чейин баары жаңы үлгүдөгү формаларды кийип, иш алып бара турганын баса белгиледи.


“Кандай гана маселе болбосун ыкчам чечүүгө шарт түзгөн ченемдик-укуктук актыларды ишке ашырдык. Санарип технологиялык ишмердикти, күнүмдүк ишмердик менен айкалыштырып, новатордук тутумду жайылтууну улантып жатабыз. Бирок, ушундай жагымдуу шарттар түзүлүп турса деле, аны жөндөп пайдалана албаган жетекчилер араңыздарда жок эмес. Бирок, кемчиликтер ачык көрүнүп турса деле “көрмөксөн”, көйгөйлөр өз кесепетин тийгизип жатса деле “билмексен” мамиле менен бир дагы жетекчиге тартиптик чара көргөн жоксуздар. Жоопкерчиликти моюнга алуудан качып, “эч кимге жаман көрүнбөйүн” деген позицияга өтүп алгансыздар. Муну ачык айтып коюшум керек.


Пара алуу, бирөөнү калкалоо, жеке кызыкчылыгы үчүн иштөө, бейбаштык, тартип бузуу, баңгизатын колдонуу жана башка бир катар чектен ашкан орой мыйзам бузуулар өздүк курам арасында орун алып турса деле “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деген мамиле менен жүргөндөр да бар. Мындайларга биздин арабызда орун жок. Тарбия, үлгү, адептүүлүк деген сапаттар кызматкерлерде өзүнөн-өзү пайда болбойт. Турмуштук мол тажрыйбасы бар, кесиптик жөндөмгө дасыккан кызматкерлер жана улуу муундагы ардагерлер аркылуу үйрөтүлгөндө гана жаш кызматкерлер адис болууга жетишет. Кадрлар башкы башкармалыгы таалимдин, тарбиялык заманбап идеялардын, кесипкөй кызматкерлерди даярдоонун казынасы болушу керек. Тилекке каршы жер-жердеги көптөгөн кадр кызматкерлеринин өздөрүнүн тарбиялык даражасы жетишсиз”,-деп ИИМ башчысы айрым жетекчилердин ишмердүүлүгүнө сын-пикирлерин айтты.
Андан соң, Улан Ниязбеков өздүк курамдын ички тартибин чыңдоо боюнча тапшырмаларды берди. Алар:
-Өздүк курамдын адеп-ахлактык жана тарбиялык дараметин кошумча чыңдоо боюнча иш-аракеттер күчөтүлсүн. Атуулдук ариет, ар-намыс, калыстык, ийкемдүүлүк, жөнөкөйлүк сапаттарын жакшыртуу жана калыптандыруу боюнча таасирдүү чаралар көрүлсүн.
-Тартип жана мыйзам бузуп, ички иштер органдарынын кадыр-баркына шек жараткан, милициянын беделине доо кетирген кызматкерлер катарыбызда болбошу керек деген принципте иш алып барылсын.
-Эл аралык жаңы тажрыйбаларды колдонуу, методикалык-усулдук багыттарды бекемдөө, кызматкерлердин аң-сезимин, ички дүйнөсүн, мекенге болгон сүйүүсүн, кызматка карата мамилесин жогорулатуу боюнча жумуштар жүргүзүлсүн. Ардагерлер менен иштөө, насааттык таасирди улантуу, өз кесибине таза, акыйкат мамиле жасаган, моралдык нормаларды жогору койгон кадрларды даярдоо колго алынсын. Бул маселени жер-жердеги жетекчилер жеке көзөмөлгө алсын.
“Милиция формасын кийген кызматкерлер өз милдеттерин аткаруудан тышкары, эл арасындагы таалим-тарбияны алып жүрүүчү, мыйзамдуулуктун үлгүсүн көрсөтүүчү, жаштардын кылмышка аралашуусун алдын алуучу процесстерин коомго түз жеткирген мамлекеттин өкүлү болуп эсептелет.
Андан тышкары, дагы бир маанилүү учурду кабарлап өтөйүн. Ички нормаларды жана эрежелерди бекем сактоо максатында “Тартиптик уставга” жаңы талаптарды киргизүүнү сунуштадык. Эгерде кызматкер же анын жетекчиси жүктөлгөн милдеттерин так аткарбай, тартип жана мыйзам бузууга барса, ээлеген кызматынан бошотуунун ордуна, атайын наамы бир баскычка төмөндөтүлөт. Ага карабастан, дагы мыйзам бузуу болсо, анда ички иштер органдарынын катарынан бошотулат. Андыктан, өздүк курам арасында ар түрдүү кайчы-пикирлер пайда болбош үчүн, жаңы нормаларды туура жеткирип коюну тапшырам”-деди ички тартип жөнүндөгү кайрылуусунда Улан Ниязбеков.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button