Коом

1-октябрдан тарта “Манас” аэропортуна жүргүнчүлөр гана кире алат

Бишкекте 1-октябрдан тарта “Манас” эл аралык аэропортунда коштоп жүрүүчүлөргө чектөөлөр киргизилет. Аэропорттун имаратына учуп келген жана учуп кете турган жүргүнчүлөр гана кире алышат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдирди.

Басма сөз кызматы билдиргендей, аэропортко бир гана кирүү/чыгуу — ички каттамдар залы аркылуу иштейт. Терминалда жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринен улам экинчи кире бериш жабык.

10-октябрдан тарта терминалдын унаа токтоочу жайы да жабылат. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн аэропорттун маңдайында, оң жактагы трассанын боюнда жайгашкан унаа токтотуучу жайлар гана ачылат. Бардык өзгөртүүлөр терминалдын башка бөлүгүн оңдоо иштерине жабууга байланыштуу.

Сураныч, сапарыңызды пландаштырууда бул чараларды эске алыңыз жана бардык процедураларга алдын ала жетиштүү убакыт бөлүңүз. «Түшүнгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз жана келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button