Коом
Мурдагы мэр Иса Өмүркулов Бишкектеги имаратын буздурбоого аракет кылды

Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүндөгү мыйзамсыз объектилерди бузуу иштери уланууда. Бузуу иштерин Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы, «Тазалык» муниципалдык ишканасы жана Октябрь акимиаты менен биргеликте вице-мэр Нурдан Орунтаевдинкатышуусунда жүргүзүүдө.
АКИpress агенттиги жазгандай, Байтик Баатыр 65 дарегиндеги мыйзамсыз курулган курулуштарды демонтаждоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда мурдагы мэр Иса Өмүркуловжерине келип, Орунтаевден бузбоону суранган, бирок вице-мэр макул болбой, бузуу иштери уланган.
Иса Өмүркулов 2011-2013-жылдары Бишкектин мэри болгон.



