Коом

Ысык-Көлдө тармактар аралык жумушчу топтун өкүлдөрү суу транспортторун текшерүүнү улантышууда

Ысык-Көл районунун аймагында жайгашкан «Каприз» эс алуу борборунун пляждык аймагында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, бир катердин жана үч суу скутердин ээлеринде, суу транспорту жаатын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чакан кемени башкарууга укук берүүчү күбөлүктөрү жок болуп чыкты.

Аларга карата оозеки эскертүүлөр берилип, чакан кемелерди башкаруу укугуна тиешелүү күбөлүктөрдү алганга чейин, өздөрүнүн суу транспортторун иштетпөө боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмелер алынды.

Өз кезегинде, суу транспортунун ээлери чакан кемелерди башкаруу укугуна суу транспорту жаатында башкарууну жүзөгө ашырган аймактык мамлекеттик орган, кеме билеттеринин бланктарынын жоктугуна, же болбосо өкүлдүн кызматтык иш сапарында болушуна шылтоолоп, чакан кемелерди каттоого документтерди кабыл албай жаткандыгын белгилешти. Алардын айтымында, жайкы туристтик мезгилинде суу транспортун иштетүүгө уруксат алуу үчүн бир нече жолу арыздарды тапшырышкан, бирок бүгүнкү күнгө чейин жооп жок.

Белгилеп кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-августундагы №466 токтому менен бекитилген «Штаттык кызматкерлерди даярдоо, ведомстволук куткаруу постторун кабыл алуу жана алардын иштөө тартиби жөнүндө» Жобосунун 6-берененин 13-абзацында — курорттук сезон башталаар алдында куткаруу станциясынын (посттун) ээси катерлерди, кайыктарды (сууда куткаруучу каражаттарды) экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелерин мамлекеттик көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга техникалык күбөлөндүрүү жана сүзүүгө уруксат алуу үчүн көрсөтөт деп белгиленген.
Ал эми, ошол эле берененин 14-абзацында — катерди өз алдынча башкарууга суу транспорту жаатын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чакан кемени башкарууга укук берүүчү күбөлүгү бар адамга гана уруксат берилет. Катерди колдонгондо кеме айдоочунун катердин кыймылдаткыч күчүнө туура келген күбөлүгү бар адам айдоосу керек деп көрсөтүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button