Коом

Ысык-Көлгө эс алууга келген жарандардын коопсуздугу милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө

  Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан  Ниязбековдун туристтик мезгил учурунда эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмасын аткаруу максатында  ИИМдин Күзөт кызматы, Ысык-Көл ОИИБнын Коомдук коопсуздук кызматы жана Ысык-Көл РИИБнын кызматкерлери Ысык-Көлгө жайкы эс алууга келген туристтердин, жарандардын  коопсуздугун сактоо боюнча кайгуул иштерин жүргүзүп жатышат. Бул багытта ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги  тарабынан атайын иш-мерчем иштелип чыгып, жарандарга сылык мамиле жасоо, жүрүм-турум сактоо боюнча саптык нускамаларда өткөрүлүп, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмалар коюлган.

Эс алуу күндөрү  «Алтын Балалык», «Ала-Тоо»,»Көгүлтүр Ысык-Көл» эс алуу жайларында ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери жарандар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошол эле учурда милиция кызматкерлеринин ишине  жарандарыбыз ыраазы болушуп, алкыштарын айтышты. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button