Коом
Алайда жаңы төрөгөн келин үйүнө барганда каза болуп калды

Ош облусунун Алай районунда жаш келин көз жаргандан кийин каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасы өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Будалык айыл өкмөтүнүн 2000-жылы туулган тургуну Ош шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарган. Ал төрөтканадан үйүнө чыгып баргандан кийин каза болгон. Ал эми ымыркайы аман. Бул анын алгачкы төрөтү болгон.
Маркум кечээ, 30-июлда Будалык айыл аймагынын Кара-Суу айылында жерге берилди.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына байланышканыбызда бул маалымат такталып жатканын билдиришти.



