Дүйнө

Индияда кран кишилерге кулап, 16 адам өлдү

Индиянын Махараштра штатындагы тез жүрүүчү поезд каттай турган магистралды куруп жаткан учурда кран кулап, анын кесепетинен кеминде 16 киши көз жумуп, үчөө жаракат алган. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү телеканалга шилтеме кылып кабарлады.

Кырсык куруучулар аталган техника менен ири болот устундарды бир жерден экинчи жерге жылдырып жатканда болгон. Полиция дагы беш жумушчу кулаган крандын сыныктарынын алдында жатканын билдирди.

Полиция, өрт өчүрүүчүлөр жана башка ыкчам кызматтар учурда куткаруу иштеринде жүрөт. Бийлик күч түзүмдөрүнөн окуянын эмнеден келип чыккандыгын териштирип, иликтеп берүүнү талап кылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button