Маданият

Бишкек шаарында «Дүйнөлүк Көчмөндөр Модасы» фестивалы өтөт — ФОТО

10-12-августта Бишкек шаарында Көчмөндөр модасы фестивалынын мааракелик 5-сезону өткөрүлөт. Аталган иш-чара Дүйнөлүк мода индустриясында маанилүү болуп саналат жана аналогу жок.

Бүгүнкү күндө биз 50гө жакын мамлекет менен кызматташуудабыз. Бул жылдар арасында биз жаш, күчтүү дизайнерлерди тарбиялап Эл аралык, профессионалдуу деңгээлге чыгарып алдык.  Жыл сайын атайын тематикалар берилип, ошого жараша ата мекендик жана чет элдик дизайнерлер кийимдердин коллекциясын чыгарышат. Бул жылы биз залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларына арнадык.

Фестивалдын негизги максаты – Кыргыз мода индустриясын, туризмди өнүктүрүү жана көчмөн цивилизациясынын баалуулугун жандандыруу болуп саналат, — деп билдирди аталган иш чаранын уюштуруучусу Назира Бегим.

Фестиваль А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөрүлөт.

Жалпы программа:

10-август: 19:00 салтанаттуу ачылыш аземи;

11-август: – 12:00 дизайнерлер арасында сынак,

Тема: «Ч. Айтматовдун ааламы»;

– 18:30 Ата мекендик жана чет элдик дизайнерлерден кийимдер көргөзмөсү;

12-август:

– 19:00 Салтанаттуу жабылышы;

– Сыйлык тапшыруу аземи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button