Коом

Өлкөдө жыл башынан бери 19 миң жубай баш кошуп, 6 миңдейи ажырашкан

Санарип өнүктүрүү министрлиги январь-июнь айларына карата жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, быйыл өткөн жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу төрөлгөн балдардын саны 5 807ге азайган. Ал эми үй-бүлөдө дээрлик ар бир төртүнчү жубай эки ача жолго түшкөнү көрсөтүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айына карата маалымат, кашаанын ичинде 2022-жылдын ушул мезгили көрсөтүлгөн:

жаңы төрөлгөн ымыркайлар — 66 212 (72 019);

каза болгондор — 15 087 (16 432);

нике күбөлүгүн алган жубайлар — 19 347 (22 034);

ажырашкан жубайлар — 5 814 (6 067);

ID паспорт алгандар — 300 628 (263 922)

жалпы жарандык паспорт алгандар — 274 168 (257 613)

аты-жөнүн өзгөрткөндөр — 8 570 (10 606).

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button