Жыргалаң көмүр кени ишке кирди. Мамлекет өткөн жылга салыштырмалуу 21 млн 850 миң сомду үнөмдөйт

Ысык-Көл облусунда жайгашкан Жыргалаң көмүр кени 12 жылдан бери иштебей токтоп турган. Өткөн жылдын жаз айында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен кайра иштетүү тапшырмасы коюлган. Кенди иштетүүгө тийешелүү баардык шарттар түзүлүп, ишке кирип, көмүр казылып баштады.
Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрация башчысы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, көмүр кендеги аткарылып жаткан жумуштар менен таанышып, тийешелүү тапшырмаларды берди.
Казылган көмүр Каракол шаарын, Ананьево айылын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунун көмүр менен камсыздайт. Учурда күнүнө 120 тоннадан ашык көмүр казылууда.
Жыргалаң көмүр кени кышкы сезондо Каракол жылуулук берүү ишканасына талап кылынган 12 миң тоннага жакын көмүрдү, мындан тышкары аталган аймактардагы жашоочулардын көмүргө болгон муктаждыдагын камсыздайт.
Эскерте кетсек, мурда бул аймактарды жылуулук менен камсыздоо үчүн Кара-Кеченин көмүрү ташып келинчү. 2022-жылга 17500 тонна көмүргө заявка берилип, жалпы чыгымы 80 млн 500 миң сомду түзгөн.
Жыргалаң кенинен чыккан көмүрдүн калориясы жогору болгондуктан 2023-жылга 11500 тонна көмүр сарпталат, анын суммасы 58 млн 650 миң сом. Мындан мамлекет 21 млн 850 миң сом өткөн жылга салыштырмалуу үнөмдөп калды.







