Баткен ОИИБ Батмакан Жолболдуеванын билдирүүсүнө жооп берди

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы Баткендин тургуну Батмакан Жолболдуеванын фейсбук баракчасындагы “Баткен РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан кордукталдым” деп билдирген түз эфири боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.
2022-жылдын 25-мартында Баткен шаарынын тургуну 1984-жылы туулган журналист кыз, “Батма-бат” ютуб каналында иштеген блогер Батмакан Жолболдуева менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат деген таризде арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринын натыйжасында Баткен шаарынын тургуну Батмакан Жолболдуева кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн дагы Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин негизинде 3кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө Батмакан Жолболдуевага айыбы угузулуп, Баткен райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы камака алуу түрү тандалган.
Бул кылмыш иши обьективдүү тергелиши үчүн кылмыш иши Ош облустук ички иштер башкармалыгына жөнөтүлгөн.
Ал эми Батмакан Жолболдуева убактылуу кармоо жайында өзүнө кол салгандыгы боюнча Баткен ОИИБнын жетекчилигинин тапшырмасы менен Баткен ОИИБдан түзүлгөн топ барып текшерүү жүргүзгөн. Баткен РИИБнин ишмердүүлүгүн жана убактылуу кармоочу жайдын абалын текшергенде ал жерде кармалып жаткан Батмакан Жолболдуевага карата кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер болгондугу аныкталган эмес.
Батмакан Жолболдуева өзүнүн Фейсбук баракчасында милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрдүм деген маалыматы боюнча учурда Баткен ОИИБдин ички иликтөө кызматы кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.



