Коом

Ысык-Көлдө жол коопсуздугунун инспекторлору жарандарды жол эрежесин так сактоого чакырды — ФОТО

Жайкы эс алуу мезгилинде укук коргоочулардын приоритеттүү милдеттеринин бири болуп, Ысык-Көлдүн жээгине баруучу автожолдордо жол коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.

Облустун курорттук айылдарына жана шаарлардын кире беришинде Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККББнын инспекторлору айдоочуларга мас абалында, ошондой эле чарчаган же ооруган абалда автоунааларды башкарууга жол берилбестигин эскертишүүдө.

Мындан тышкары, милиционерлер балдарды кармоочу түзүлүштөрдү жана коопсуздук курларын колдонуу, ылдамдык эрежесин, жол белгилеринин жана сызыктарын, анын ичинде убактылуу белгилердин талаптарын сактоо зарылдыгы жөнүндө профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишүүдө.

Унаалардын агымы көбөйгөн учурда, жол тыгыны пайда болгон участоктордо жол кыймылынын коопсуздугунун кызматкерлери аталган жерлерге токтоосуз чыгып, жол кыймылын жөнгө салышат.

Ал эми автоунаа менен саякаттаган чет элдик туристтерге маалымат буклеттери таратып беришүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button