Коом
Коңшу казак элине жөнөтүлгөн гумжардам төрт облусуна бөлүндү

15 фурага жүктөлгөн 300 тонналык гумжардам алгач Актөбө облусуна жеткирилген. Ал жактан Костанай облусуна үч, Орал облусуна төрт, Атырау облусуна төрт фура жөнөтүлүп, Актөбөнүн өзүнө төрт фура калтырылган.
Казакстандын айрым аймактары азыр деле суу ташкынынын кесепети менен күрөшүүдө.



