Ахматбек Келдибеков: Кызматкердин ишин сындасын, бирок жеке жашоосуна жана аброюна шек келтирүү мыйзамга туура келбейт

Акыркы кездерде айрым журналист, блогерлердин аша чаап, мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлердин ишин сындагандан мурда жеке аброюна шек келтирген пикирлерин окуп калып жүрөбүз. Бул тууралуу коомдук саясий ишмер Ахматбек Келдибековдун пикирин билдик.
-Кыргызстанда жарандар эркин оюн айтышат, мамлекеттик органдардын жетекчилерин дагы сындашат. Айрым учурда журналист, блогерлер тарабынан адамдын келбетин кемсинтүүгө дагы жол берилет. Мисалы, “буту кыска, бою кыска”-деп шакаба салгандар дагы бар. Бул моралдык этикага жатабы? Ошол эле учурда блогербиз дегендер да аша чаап кетип жатышат, блогерлерге жеке оюнуз кандай?
-Конституция боюнча ар бир жаран өзүнүн жеке оюн айтканга, билдиргенге укугу бар. Бирок, тилекке каршы бүгүнкү күндө социалдык желелерде өзүнүн атынан эмес, башка аттарды жамынып, адамдын жеке аброюна шек келтирүү, ушак таркатуу, жалган жалааны жабуу, жеке жашоосуна кийлигишүү, адамдын келбетине сынтагуу дегендер өтө күч алган. Ошол боюнча эсиңиздерде болсо мыйзамдар да кабыл алынган эле. Ушул мыйзамды ишке киргизиш керек. Эгер ошол жаран бир адам тууралуу жеке оюн айтса анын кылган ишин, аткарып жаткан жумушу боюнча же болбосо конкреттүү факты менен ой пикирин айтса болот. Анан жалган ушак, жалган ой пикир, адамдын жеке аброюна шек келтирген боюнча маалымат таратууда жоопкерчиликте болушу керек. Мындай учурда жоопкерчиликке мыйзам алдында жооп бериши керек. Качан гана мындай жалган маалыматтарды таратып, адамдын жеке аброюна шек келтиргендер жоопко тарылганда гана тыйылат деп эсептейм. Ансыз мындайларды тыюу өтө кыйын.
Акыркы кездерде блогермин деп айрымдар мыйзамга каршы иштерди жасап жаткандын туура эмес жактары көбүрөөк. Эгерде блогер же журналист болсо дагы обьективдүү турдө мыйзамдын чегинде сын пикир айтылса анда ал жакшы нерсе. Тилекке каршы, айрым учурларда ишин эмес, жеке жашоосуна, өң келбетине, үй-бүлөсүнө чейин кийлигишип жибергени өкүнүчтүү. Мындай адамдын мыйзам алдында жооп бериши керек.
Булак: Abal.kg



